• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте кафе жана кийим сатуучу дүкөн өрттөндү

Кырсык 0


Бишкек, 28.07.22. /Кабар/. Бишкекте кафе жана кийим сатуучу дүкөн өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 28-июлга караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районунда жайгашкан кафенин жабык залы, жайкы тапчандарынын чатыры, 6 муздаткыч күйгөн. Ошондой эле тамактануучу жайга жакын жайгашкан кийим сатуучу дүкөндүн чатыры, кийим-кечелер жана имараттын ички жасалгасы күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 02:50дө чектөөгө алынып, саат 04:38де толук өчүрүлгөн.

Такталган маалыматка ылайык, өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.

Белгилей кетсек, өткөн суткада өлкө аймагында 32 өрт кырсыгы катталган.

Пикир

Оставить комментарий