• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Бишкекте эки жөө жүргүнчүнү унаа койдуруп кетти. Шектүү делип өспүрүм кармалды

Кырсык 0


Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Бишкекте 17 жаштагы өспүрүм жөө өтмөктөн өтүп бараткан эки адамды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кырсык Лермонтов жана Салиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан мектептин жанында болгон. Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу эркек киши менен кичинекей баланы койдуруп кеткен.

Натыйжада 8 жаштагы К.А. аттуу бала ооруканага кайрылган.

Издөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө окуяга шектүү делип Ысык-Ата районунун тургуну 2006-жылы туулган Л.Н. кармалып, Тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Учурда экпертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий