• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте Чолпонбек Базарбаевдин 75 жылдык мааракеси белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. Бишкекте СССРдин эл артисти, белгилүү балетмейстер Чолпонбек Базарбаевдин 75 жылдык мааракеси белгиленет.

Маданият, маалымат, спрот жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 26-январда саат 18:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтмөкчү.

Иш-чаранын алкагында театрдын солисттери жана балет артисттери, Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын окуучулары, Н.Тугелов атындагы "Ак марал" мамлекеттик бий ансамблинин артисттери өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Пикир

Оставить комментарий