• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте эки үлпөт той кортежине 30 миң сом айып салынды

Укук тартиби 0


Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Бишкекте эки үлпөт той кортежине 30 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) билдиришти.

Социалдык тармакта автоунаалардан ичиндеги жаран терезеден тулку боюн чыгарып, башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратып, атайын автоээнбаштык жасаган унаалар боюнча видео тасма тараган.

Кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иштерин жүргүзүп, натыйжасында Hyundai Sonata жана Nissan Tiida үлгүсүндөгү унааларды таап, жалпы 30 миң сом айып салынган. Ал эми автоунааларды айып короо жайына токтотулду.

ЖКККББ экинчи ирет кайталап автоээнбаштык жасаган учурда айдоочулар алты айлык мөөнөткө айдоо укугунан ажыратыларын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий