• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте эл аралык террордук уюмдун мүчөсү жасалма доллар сатууга аракет кылган

Коом 0


Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Бишкекте ири көлөмдөгү жасалма долларларды сатууга аракет кылган "Ислам мамлекети" эл аралык террордук уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында чет өлкөдөгү террористтик ишти каржылоо үчүн Кыргызстанда жасалма АКШ долларынын ири партиясын сатууну көздөгөн Кыргызстанда тыюу салынган "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмунун мүчөсү аныкталды.

Тактап айтканда, комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары Россияда "каракчылык" беренеси боюнча мурда соттолгон КР жараны О.Б.Н кармалды. Аталган жасалма долларлар радикал исламчылар тарабынан Түркиядан чет өлкөдөгү террористтик ишмердүүлүктү легалдаштыруу жана каржылоо максатында ташылып келинген.

Мындан тышкары, кармалган жаран интернет-мессенджерлер аркылуу "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмунун радикалдык идеологиясын жайылткандыгы аныкталып, бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда О.Б.Н. КР УКМКнын тергөө абагына киргизилип, бул кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий