Бишкекте Эл достугу монументин калыбына келтирүү иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Бишкекте Ала-Тоо аянтындагы Эл достугу монументин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбордук аянтты реконструкциялоонун алкагында эстеликти жаңылоо, анын ичинде коло элементтерди жана барельефтин алкактарын сырдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, эски мрамор толугу менен жаңысына алмаштырылат. Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү да каралган.

Пикир

Оставить комментарий