Бишкекте “Эргүү” улуттук театр сыйлыгын тапшыруу аземи өттү

Маданият 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Күн мурун Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында “Эргүү” улуттук театр сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.

Сыйлык тапшыруу аземине министрлер кабинентинин төргасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, бир катар маилекеттик органдардын жетекчилери, атайын чакырылган меймандар жана театр тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү катышты.

Салтанаттуу ачылышта акыркы жылдары маданият жана театр искусство тармагы мамлекет тарабынан өзгөчө колдоого алынып, театр оюн-зоок мекемелеринин чыгармачылык жактан өнүгүүсүнө тийиштүү каражаттар бөлүнүп, анын эсебинен жаңы мыкты спектаклдер жарык көрүп, көрүүчүлөр театрга тартылып, жер-жерлерде чыгармачылык гастролдор, окутуулар, тажрыйба алмашуу иш-чаралар уюштурулуп, спектклдердин санынан мурда сапатына маани берилип жатканы айтылды.

Ошондой эле, салтанатта театр өлкөдөгү чоң өзгөрүштөргө, маданий, адеп-ахлактык, тарбиялык жактан бардык жарандарыбызды, айрыкча жаш муундардын келечекке көз карашын өзгөртүп тарбиялоого өз салымын кошууда мааниси зор экени айтылып, мындай жооптуу жана маанилүү вазийпасын жогорку деңгээлде аткарат деген ишенимдерин билдиришти.

Расмий бөлүктөн соң, жыл ичинде улуттук театр чөйрөсүндө үзүрлүү эмгек кылган, чыгармачылык артыкчылыктарды көрсөткөндөр үчүн улуттук “Эргүү” театр сыйлыгы өз ээлерине тапшырылды:

  • "Эң мыкты спектакль" Султан Раевдин “Күн кармаган бала” спектакли, К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры.
  • "Эң мыкты режиссура" Уланмырза Карыпбаев Султан Раевдин “Күн кармаган бала” спектакли үчүн.
  • "Аялзатынын ролун эң мыкты ойногону үчүн" Айзада Сопуева – “Күн кармаган бала” спектаклиндеги Бүсайранын ролу үчүн
  • "Эркектин ролун эң мыкты ойногону үчүн": Арнис Кыдырмышев – “Кичинекей адамдын чоң трагедиясы” спектаклиндеги Караниет, Очумелов ж.б. ролдору үчүн.
  • "Экинчи пландагы аялзатынын ролун эң мыкты ойногону үчүн" Света Абдыкадырова – “Ак кеме” спектаклиндеги Бекейдин ролу үчүн.
  • "Экинчи пландагы эркектин ролун эң мыкты ойногону үчүн" Бакыт Жумалиев – “6-палата” спектаклиндеги Андрей Ефимычтин ролу үчүн
  • "Эң мыкты дебют" Рыскелди Тынарбек уулу, “Күн кармаган бала” спектаклиндеги баланын ролу үчүн.
  • "Эң мыкты сценография" Садыр Ниязакунов, “Күн кармаган бала” спектакли үчүн
  • "Эң мыкты музыкалык жасалга" Галина Кетова, Евгений Прокопенко “Превратности женщины” спектакли
  • "Эң мыкты улуттук пьеса" “Мекенимдин ташы” драма (автор Жаныш Кулмамбетов).
  • "Балдар үчүн коюлган эң мыкты спектакль" “Падыша Салтан жөнүндө жомок” спектакли, М. Жангазиев атындагы кыргыз мамлекеттик куурчак театры.
  • "Эң мыкты чет өлкөлүк спектакль" “Кулагер” спектакли Казакстан мамлекеттик академиялык Г. Мүсүрөпов атындагы жаш көрүүчүлөр театры.
  • "Улуттук театр өнөрүнө кошкон өзгөчө салмы үчүн" Ольга Жигулёва, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти.
  • "Аймактык театр өнөрүнө кошкон зор салымы үчүн" Шайырбүбү Супатаева, актриса Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры.
  • "Театр өнөрүнө арналган үзүрлүү эмгеги үчүн" Минавар Алимова, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын музыкалык бөлүмүнүн башчысы.
  • "Жаштар ойногон эң мыкты спектакль. Кенже эргүү" “Эрте келген турналар” Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын театралдык окуу жайынын спектакли.
  • "Театр искусствосун массалык-маалымат каражаттарында эң мыкты чагылдыргандыгы үчүн" Аида Шекенова, журналист, ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы.

Белгилей кетсек, “Эргүү” сыйлыгы 2014-жылдан бери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана "Айтыш" коомдук фонду биргеликте тапшырып келет.

Пикир

Оставить комментарий