• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Бишкекте инновациялык IT борбор түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Күн мурун Билим берүү жана илим министрлигинде KOICA эл аралык уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу болду.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө инновациялык IT-долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Долбоордун максаты мамлекеттик органдар, жеке менчик сектор жана академиялык коомчулуктун ортосундагы өз ара аракеттенүү деңгээлин жогорулатуу үчүн IT-борборду түзүү болуп саналат.

Белгиленгендей, иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева, KOICAнын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары Кёнгджу Пхё, ошондой эле уюмдун башка өкүлдөрү катышты.

Сунушталган долбоордун негизги максаты мамлекеттик органдардын, бизнестин жана билим берүү мекемелеринин маалыматтык технологиялар жаатындагы биргелешкен иши үчүн платформа иштеп чыгуу болуп саналат. Долбоорду ишке ашыруунун пландалган мөөнөтү 2025-жылдан 2030-жылга чейинки мезгилди камтыйт.

Жолугушуунун жүрүшүндө долбоорго катышууга даяр университеттерди аныктоо маселеси талкууланды.

Ошондой эле жогорку квалификациялуу IT-адистерди даярдоо үчүн базалык борбор болуп кала турган билим берүү мекемесин тандоо сунушталды. Бул максатка жетүү үчүн заманбап материалдык-техникалык базаны берүү жана консультациялык иш-чараларды өткөрүү сунушу каралды.

"KOICAнын өкүлдөрү жогорку окуу жайлары үчүн зарыл жабдууларды берүүгө даяр экендигин билдиришти жана маалыматтык технологиялар жаатында адистерди даярдоо үчүн өздөрүнүн эксперттик кызматтарын сунушташты. Мындай кызматташтык Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын санариптештирүү жана модернизациялоо жолундагы маанилүү кадам болуп калат",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги менен KOICA өз ара аракеттенүүнү улантууну жана 2025-жылы ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн деталдуу иш-аракеттер планын иштеп чыгууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий