• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Эртеңден тарта Бишкектин бир катар көчөлөрүндө оңдоо иштери башталат — мэрия

Коом 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Эртең, 27-февралдан тарта Бишкектин бир катар көчөлөрүндө оңдоо иштери башталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эртең Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жолдорду куруу жана реконструкциялоо иштери жанданат.

Белгилегендей, Бишкек шаарынын төмөнкү көчөлөрү жарым-жартылай жабылып даярдык иштери башталат:

1. Турусбеков көч. Ташкент көчөсүнөн Щербаков көч. чейин;
2. «Ак-Босого» жаңы конушундагы Архитекторлор көч. Кыргыз көчөсүнөн Кичи Чүй каналына чейин;
3. Кулатов көч. Каракөл көчөсүнөн Байтик-Баатыр көч. чейин;
4. Стадион көч. Абдрахманов көчөсүнөн Магистраль көч. чейин;
5. Чортеков көч. Абдрахманов көчөсүнөн Жайыл Баатыр көч. чейин;
6. Баба-Ата көч. Бакаев көчөсүнөн Садырбаев көч. чейин;
7. Ашар көч. Лущин көчөсүнөн Өмүр көч. чейин;
8. Түгөлбай-Ата көч. Орозбеков көчөсүнөн Ибраимов көч. чейин;
9. Коенкөзов көч. Бөкөнбаев көчөсүнөн Чуйков көч. чейин;
10. Чүй проспектиси Ауэзов көчөсүнөн “Учкун” жаңы конушунун аягына чейин;
11. Гидрокуруучулар көч. Курманжан-Датка көчөсүнөн Аул көч. чейин "Эне-Сай" конушундагы Аламүдүн дарыясынан көпүрө куруу менен;
12. Сухе-Батор көч. Каралаев көчөсүнөн 7-апрель көч. чейин көпүрөнүн курулушу менен;
13. Карасаев көч. Юнусалиев көчөсүнөн Карадарыя көч. чейин;
14. Кривоносов көч. Л.Толстой көчөсүнөн Тойгонбаев көч. чейин;
15.Бектенов көч. Карасаев көчөсүнөн Горький көч. чейин;
16. Маликов көч. Гагарин көчөсүнөн Л.Толстой көч. чейин;
17. Фрунзе көч. Т. Гагарин көчөсүнөн Ахунбаев көч. чейин;
18. “Арча-Бешик” конушундагы Шералиев көч. Жайыл Баатыр көчөсүнөн Ахунбаев көч. чейин;
19. Манас көч. Ташкент көчөсүнөн Баялинов көч. чейин;
20. Мессароша көч. Дэн-Сяопин көчөсүнөн Жамгырчинов көч. чейин ;
21. Эр-Тайлак көч. Арча-Бешик көчөсүнөн Репин көч. чейин;
22. Жантөшев көч. Байтик-Баатыр көчөсүнөн Ж.Пудовкин көч. чейин;
23. «Арча-Бешик» конушундагы Жайыл-Баатыр көч. Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көч. чейин;
24. Өмүр көч. Алыкулов көчөсүнөн Тагай-Бий көч. чейин.

Белгилей кетсек, көчөлөрдүн көбүндө былтыркы жылдан калган иштер жүрүп жатат.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун алдын ала автотранспорт менен жүрүү маршруттарын ойлонуп көрүүнү суранат.

Эске салсак, Бишкектин жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында Бишкек шаарында 5 көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчөнү оңдоо пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий