Бишкекте ирригациялык тармактарды тазалоо иштери кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Бишкек шаарында ачык, жабык коллектордук-дренаждык жана ирригациялык тармактарды тазалоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери коллектордук-дренаждык системанын түбүн чөп, камыштардан тазалоодо. Иш кол менен да, атайын техниканын жардамы менен аткарылууда. Жыл башынан бери 101 миң 339 погон метрден ашык сугат тармактары тазаланган.

Бул багыттагы иштер Бишкек шаарынын аймагындагы жашыл аянтчаларды сугарууну камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин магистралдык каналдарды жана сугат тармактарын тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий