• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Милиция кызматкерлери майрамдык иш-чаралар учурунда коомдук коопсуздукту камсыздайт — ИИМ

Коом 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Ички иштер министрлиги ыйгарым укуктарынын чегинде майрамдык иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы блидирди.

Ички иштер органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн бир катар уюштуруу жана практикалык иш-чаралар кабыл алынып, комплекстүү иштер аткарылууда. Ар кандай кылмыштуулук менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана коомдук абалды көзөмөлдөп, тартипти камсыздоо максатында ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтөлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлгөн.

Милиция кызматкерлери жарандардын эс алуу күндөрүндө коопсуздугун камсыздоого бардык зарыл чараларды көрөт. Алар мыйзамдын чегинде кызматтык милдеттерин аткарышып, жарандардын укуктарын коргоого, укук бузуулар аныкталган учурда ээлеген кызмат ордуна жана абалына карабастан ар бирин жоопкерчиликке тартууга тийиш.

Майрамдык иш-чаралар учурунда коомдук-саясий кырдаалды туруктуулугун камсыздоого багытталган аракеттер кабыл алынып, ошондой эле укук бузуулардын алдын алуу күчөтүлөт.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы тарабынан жол коопсуздук эрежелерин сакталышы камсыздалат. Мас абалындагы айдоочуларга же айдоочунун күбөлүгү жок транспорт каражаттарын башкарган айдоочуларга өзгөчө көңүл бурулат. Мындан тышкары, милиция кызматкерлери айдоочулардын ылдамдык шарттарын, маневр жасоо жана жүргүнчүлөрдү коопсуз ташуу эрежелерин сактоосун көзөмөлдөшөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы кызматкерлери жол кыймылынын катышуучуларына жардам көрсөтүүгө жана жолдордо коопсуз шарттарды камсыздоого багыттуу иш алып барышат. Бул үчүн алар жол-коммуналдык кызматтары тарабынан кыш мезгилиндеги жолдордун тайгалактыгын жоюу боюнча өз убагында тиешелүү чараларды көрүүгө көчө-жолдордун абалына күнү-түнү мониторинг жүргүзүп турат.

Пикир

Оставить комментарий