• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бишкекте ишкер айымдарга пайызсыз насыя берүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Бишкекте ишкер айымдарга пайызсыз насыя берүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликтин Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмүнүн өкүлдөрү "Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү фонду" коомдук уюмунун аткаруучу директору Айзаада Усупова жана "Санарип инсан" долбоорунун координатору М.Жакеева менен жолугушту. Анда ишкер аялдар үчүн чакан жана орто бизнестин каржылык жардамына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү маселеси талкууланды.

Жыйында Финансы министрлигинин кредиттер боюнча адиси А.Акматов микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоору жөнүндө толук маалымат берип, ишкер аялдардын пайызсыз кайтарымдуу финансылык жардамды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого өзгөчө басым жасады.

"Санарип Инсан" долбоорунун координатору Жакеева бул долбоорду Кыргызстандын алыскы аймактарына жайылтуу зарылдыгы боюнча сунуштарын айтты.

Жолугушуунун соңунда Ишкер аялдар фонду онлайн жана оффлайн форматында өткөргөн иш-чараларда туруктуу негизде кызматташууну улантуу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий