• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ички иштер министрлигинде “16 күндүк зомбулуксуз жашоо” акциясынын алкагында иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 3-декабрда КР Ички иштер министрлигинин жыйындар залында “16 күндүк зомбулуксуз жашоо” акциясына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм начальниги Нуржан Адылова, «Оэйсис» кайрымдуулук фондунун директору Мээрим Осмоналиева, Аламүдүн районунун Лебединовка №2 мектеп-гимназиясынын директору жана окуучулары катышты.

Иш-чараны министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов ачып, катышуучуларды куттуктап, коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы көз карашын калыптандыруу, жарандардын зомбулуктун бардык түрлөрүнө карата түшүнүгүн жана маалымдуулугун жогорулатуу керектигин белгиледи.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова өз сөзүндө Кыргызстан КМШда биринчилерден болуп “Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө” мыйзамды кабыл алганын, муну менен үй-бүлөлүк зомбулукту тааныгандыгын белгиледи.

"Коркунучтуу жана кабыл алынгыс көрүнүштөр менен ар бир адам күрөшүүгө тийиш. Биргелешкен аракет менен гана урпактарыбыз сыймыктана турган өнүккөн Кыргызстанды кура алабыз", - деди ал.

Иш-чаранын алкагында Аламүдүн районундагы Лебединовка №2 мектеп-гимназиясынын окуучулары концерттик программа тартуулашты. Алар ыр-бий арнашып, зордук-зомбулукка каршы көрүнүштөрдү көрсөтүштү.

Мындан тышкары, жаш муундарга социалдык роликтер көрсөтүлүп, ошондой эле эстелик белектер тапшырылды.

Ошондой эле Ички иштер министрлигинин административдик имаратына жана полковник С.Наматбаев атындагы ИИМдин музейине экскурсия уюштурулуп, анын жүрүшүндө жаштар ИИМдин Басма сөз кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө боюнча модернизацияланган борбору жана ИИМдин тарыхы, иши жана негизги функциялары менен тааныша алышты.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар мемориалдык тактага гүл коюп, кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин элесине таазим кылышты.

Белгиленгендей, анын негизги максаты - ички иштер органдарынын өкүлдөрү менен өсүп келе жаткан муундун ортосунда ишенимдүү мамилелерди түзүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий