• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте ижарага алган унааны сатып жиберген адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. Бишкекте ижарага алган унааны сатып жиберген адам кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга А.А. аттуу аял кайрылып, Р. аттуу эркек киши анын “Мазда 626” үлгүсүндөгү унаасын ижара түрүндө алып, үчүнчү жакка сатып, изин жашырганын билдирген.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча катталган.

Шектүү катары 37 жаштагы Н.Р. аттуу жаран кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий