• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Бишкекте канча ипотекалык батир курулуп жаткандыгы айтылды

Коом 0

Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Бишкекте мамлекеттик ипоткалык программанын алкагында 17 миң 400 батир курулууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Жеембаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компания 2030-жылга карата курулуп жаткан батирлердин санын 25-30 миңге жеткирүүнү көздөп жатат.

"Президент Садыр Жапаров өлкөдө турак жайларга карата баа кескин өскөндүктөн жарандарды жеткиликтүү баадагы турак жай менен камсыз кылууну тапшырган. Бишкекте учурда 17 миң 400 батир курулуп жатат. Жакында эле үч даректе 2 миң 139 батир курулуп бүттү. Жарандарды жайгаштыруу 2024-жылдын декабрь айынан башталган, быйылкы жылдын февраль айына чейин жүргүзүлөт. Турак жайлар электрондук кезек менен берилет. Даяр батирлер ээлерине тапшырылгандан кийин электрондук кезек кайра жаңыртылат” , - деди Жеембаев.

Ал баса белгилегендей, электрондук кезекте кимдир бирөөнү алдыга жылдыруу сыяктуу учурларга жол берилбейт.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын "Социалдык ипотека", "Арзан ипотека", "Жеңилдетилген ипотека" деген программалары бар. Жалпысынан 45 миңдей жаран батирге кезекте турат.

Пикир

Оставить комментарий