Бишкек, 18.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бишкек шаарында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу кызматына төлөбөгөндөр үчүн рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, борбор калаада тазалыкты сактоо үчүн атайын техникалар талап кылынат, ошондой эле ишкана кызматкерлеринин эмгек акысын мындан ары жогорулатуу зарыл.
"Буга байланыштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынын адистери бир нече жылдан бери катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн көрсөткөн кызматка карызын төлөбөй келген абоненттердин үйлөрүн кыдырып жатышат",-деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий