Бишкек, 15.12.22. /Кабар/. Бишкекте келин төрөт үйүнө бара жатып, жолдон таксинини ичинде көз жарган.
Саламаттык сактоо министрлигинен “Кабар” агенттигине билдиришкендей, учурда келиндин жана ымыркайдын абалы канааттандырарлык, төрөт үйүнөн 13-декабрда чыгарылган.
Социалдык тармактарда чакырууга келген такси кызматынын айдоочусу окуя тууралуу айтып, келин менен ымыркайды төрөтканадан чыгарып жатканда сөзсүз келе тургандыгын билдирген видео тараган.
Пикир
Оставить комментарий