• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкекте коомдук транспорттогу "Тулпар" төлөм системасынын иши калыбына келтирилди

Коом 0


Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Бишкекте коомдук транспорттогу "Тулпар" төлөм системасынын иши калыбына келтирилди.

"БПЦ КГ" компаниясынын системдик директору Бекжан Акматбеков маалымдагандай, өлкө жетекчилиги "Тулпар" системасынын ишин колдоого алган. Буга байланыштуу компания мындан ары да өз ишин жакшыртууга жана системаны модернизациялоого даяр.

Анын айтымында, 2024-жылдын 23-октябрында системаны кеңири модернизациялоого даярдоо алкагында операциялык системаны оптималдаштыруу боюнча пландалган техникалык иштер жүргүзүлдү. Иш убактысында үзгүлтүктөрдү болтурбоо максатында, иштер түнкү саат 00:00дөн 03:00гө чейин аткарылган.

"Бирок иштердин аякташы пландалган убакыттан узакка созулуп, таң эрте айдоочулар валидаторлордо сменаларды ачууда убактылуу көйгөйлөргө туш болушту.

Саат 09:30га карата көйгөй тез арада жоюлуп, "Тулпар" төлөм системасы толук калыбына келтирилди. “Тулпар” системасы жалпы иштебей калган учурда, эгерде жарандын башка жол менен төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда жүргүнчү жол акысын төлөбөй коюуга укуктуу", - деди ал.

Ошондой компаниянын өкүлү үзгүлтүккө байланыштуу Бишкек шаардык транспорту муниципалдык ишканасынын каржылык чыгымдары "БПЦ КГ" тарабынан толук кайтарылып берилерин белгиледи.

"Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алгандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий