• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Бишкекте кыргыз-палестин мамилелерин өркүндөтүү боюнча мүмкүн болгон багыттар талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов Палестинанын Кыргызстандагы (резиденциясы Ташкент шаарында жайгашкан) элчиси Джавад Авад менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу учурунда тараптар Газа секторундагы учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашып, кыргыз-палестин мамилелерин өркүндөтүү боюнча мүмкүн болгон багыттарды талкуулашты. Анда ошондой эле саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыгуулар белгиленди.

Тараптар Газа секторундагы куралдуу кагылышуулардын мүмкүн болушунча тез арада токтошуна үмүттөнүп, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары дагы бекемдөөгө берилгендигин тастыкташты.

Пикир

Оставить комментарий