• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Бишкекте “Манас” эпосунун күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Манас” эпосунун күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова катышып, сөз сүлөдү. Депутат Жогорку Кеңештин атынан жалпы кыргыз элин “Манас” эпосунун күнү менен куттуктап: “Бул дастан жөнөкөй элдик чыгарма эмес. Элибиздин баскан жолу, баалуулуктары, маданияты, каада-салты жана башка бардык өзгөчөлүктөрү камтылган баалуу мурас, ири энциклопедия. Андыктан, улуу руханий казынабызды унутта калтырбай, урпактан-урпакка улантышыбыз керек” – деди.

Бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер, эпоско байланышкан мыйзам актылары тууралуу сөз кылган эл өкүлү мектептерде “Манас таануу” сабактары өтүлүшү керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле эпосту даңазалап, жайылтууга салым кошуп келе жаткан айрым инсандарга өзү жетектеген фракциянын атынан Ыраазычылык каттарын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий