• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкекте мектеп окуучуларына баңгизаттардын терс кесепеттери боюнча лекция окулду

Коом 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын кызматкери тарабынан Бишкек шаарындагы №73 мектепте баңгизаттардын терс кесепеттери боюнча лекция өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, БМЖКККнын кызматкери Ч.Табалдиева баңгизаттардын адамга тийгизген терс кесепеттери тууралуу маек-лекция өткөрдү.

Жаштар арасында баңгизаттарды колдонуунун жайылышын алдын алуу боюнча профилактикалык чаралардын арасынан түшүндүрүү иштери чоң роль ойнойт, анткени баңгизаттарды колдонуунун алгачкы учурлары өспүрүм куракта болот.

Иш-чаранын негизги максаты – өспүрүмдөргө баңгизаттардын зыяндуу кесепеттерин түшүнүү, ошондой эле эмнеге көңүл буруу керек, өспүрүмдөрдүн кылмыштуулукка аралашуусун алдын алуу үчүн кандай чараларды көрүү керектигин жеткирүү.

Пикир

Оставить комментарий