• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Бишкекте мектепке чейинки билим берүү тармагында ваучердик механизмди пилоттук түрдө колдонуу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева мектепке чейинки билим берүүнү каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук колдонууга арналган тегерек столго катышты.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, билим берүү тармагындагы ишкерлер жана эксперттер чогулушту. Тегерек столдун максаты балдардын социалдык жактан аялуу катмары үчүн мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу үчүн ваучердик механизмди пилоттук киргизүүнүн тартиби менен таанышуу болгон.

Талкуунун жүрүшүндө ваучерлер аркылуу билим берүү кызматын киргизүүнүн жана каржылоонун тартиби, пилоттук долбоорду ишке ашыруу планы, ошондой эле механизмди ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча сунуштар каралды.

Асел Чынбаева аялуу катмардагы балдардын мектепке чейинки сапаттуу билимге жетүүсү үчүн ваучер механизминин маанилүүлүгүн белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча сунуштарды кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий