• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ: Динамиада мелдештеринин салтанаттуу ачылышы өттү

Коом 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 2021-жылдын 19-октябрында "Динамо" түштүк комплексинде Кыргыз милициясынын күнүнө арналган Динамиаданын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Сынактын катышуучуларына КР ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов сөз сүйлөдү.

"Динамо коому 1923-жылы СССРде, ал эми Кыргызстанда 1925-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында Кыргыз милициясынын 97 жылдыгына арналган мелдештер үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө. Командалар спорттун жети түрү боюнча күч сынашат - ордо, шахмат, армрестлинг, дартс, тогуз коргоол, стол тенниси жана жеңил атлетика. Бардык катышуучуларга ийгилик каалайм жана күчтүүлөр жеңип чыгышсын", - деди Адылбек Качкынбекович.

Андан кийин “Динамо” коомунун төрагасынын биринчи орун басары Төрөкул Мадалиев сөз сүйлөп, Динамиада КРнын Спартакиадасына даярдык көрүү үчүн өткөрүлүп жатканын айтты. "Динамо" коому эки жолу Олимпиаданын жеңүүчүсү болгон. Ал ошондой эле келээрки жылы Россияда өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн спартакиадасын өткөрүү пландалып жатканын айтты.

"Бүгүн мелдешке катышкан мыкты спортчулар КМШ өлкөлөрүнүн оюндарына дагы катышат. Араңарда Азиянын, Дүйнөнүн жана Олимпиаданын келечектеги чемпиондору бар деп ишенем”, - деди Мадалиев.

Динамиада үч күнгө созулуп, жабылуу аземи 22-октябрда “Динамо” спорт комплексинде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий