Бишкекте муз тебүү аянтчасы ачылды

Коом 0

Бишкек, 20.10.23. /Кабар/. Бишкектеги “Локомотив” спорттук ден соолукту чыңдоо комплексинде муз аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Учурда балдар жана чоңдор үчүн көркөм муз тебүү, хоккей, футбол, бий жана башка секциялар иштей баштады.

“Кыргыз темир жолу” УК” ишканасынын башкы инженери Роман Спасский белгилегендей, муз аянтча жаны заманбап жабдыктар менен жабдылып, жыл бою ачык болот.

“Локомотив” муз аянтчасынын техникалык заманбап жабдыктары жаңыланып, оңдоп түзөөдөн өткөрүлдү. Буга чейин 2022-жылдын декабрь айында ачылып, беш ай иштеген. Быйыл муз аянтчасы эки ай эрте ачылды, эми мындан ары кардарлардан суроо-талабына жараша, аянтчада жыл бою муз тебүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү”, - деди ал.

Муз аянты жалпы 1122 чарчы метрди түзөт, бир эле учурда 150 адамды батыра алат, 850дөн ашык орундукту камтыйт. Спорт комплексинин негизги милдети – темир жол кызматкерлеринин гана эмес, бардык каалоочу жарандардын эс алуусун уюштуруу жана сергек жашоого колдоо көрсөтүү саналат.

“Локомотив” муз аянтчасы Бишкек шаары, Осмонов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан. Байланыш телефондору: 0312-92-74-00, 0508 444 822, 0555 444 822

Пикир

Оставить комментарий