• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте Панфилов дивизиясынын 80 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 12-июлунда Советтер Союзунун баатыры, генерал-майор И.В. Панфилов атындагы Режицкилик, Кызыл-Туу, Ленин, Суворов ордендүү 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага Коргоо министрлигинин жетекчилиги, Панфилов дивизиясынын кошуундарынын, бөлүктөрүнүн командачылыгы менен өздүк курамы, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы аскер атташеси катышты.

Иш-чара салт боюнча КР КК Генералдык штабынан башталган баатырдын атындагы шаардык паркка чейинки Панфилов дивизиясынын гвардиячы аскер кызматчыларынын салтанаттуу жүрүүсү менен уланып, И.В. Панфиловдун эстелигине гүл чамбарлар коюлган соӊ, дивизиянын күжүрмөн туулары алынып кирилди.

КР коргоо министри өз куттуктоо сөзүндө кыргызстандыктардын азыркы жана келерки мууну дагы бизге эркиндикти жана тынчтыкты камсыз кылган советтик жоокерлердин жеңишин, анын ичинде миңдеген кыргызстандыктардын өзүнүн тарыхын жана өткөндү унутууга акылары жок деп айтты.

«Аталардын өлбөс эрдиги, кайраттуулугу жана алардын баатырлыгы азыркы мекен коргоочуларына үлгү болуп кала бермекчи. Биз ата-бабалардын алдында биз үчүн орнотуп кеткен тынчтыгын сезебиз жана терең урматтайбыз. Бул тынчтык мезгилинде дагы, согуш мезгилинде дагы ар бир аскер кызматкери үчүн бузулгус эреже болуп кала берет», - деп белгиледи Таалайбек Өмүралиев.

Иш-чара Күжүрмөн тууларды алып чыгуу жана салтанаттуу саптык жүрүш менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий