Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Бишкекте 4-апрелде президент Садыр Жапаровдун катышуусунда соцблок боюнча республикалык жыйын өтөт. Бул тууралуу Аялдар кеңешинин республикалык бирикмесинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Анын айтымында, жыйындын алкагында өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, келерки жылга пландарды белгилөө пландалууда.
“Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан социалдык тармактын өкүлдөрү катышып, билим берүү, маданият жана саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери келет. Мындан сырткары, өлкө башчы Садыр Жапаров да катышат”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий