• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Базар-Коргондо жеке менчикке берилип кеткен мектептин жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан мектеп куруу үчүн ажыратылган жер аянты муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Могол айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы токтому менен Кара-Ой айылындагы мектеп куруу үчүн ажыратылган жер аянтынын ичинен жеке менчикке жер ажыратылып берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган жер аянтын мамлекетке кайтаруу максатында Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан сотко келтирилген доо арыздар толугу менен канааттандырылган.

Райондук прокуратура тарабынан келтирилген талаптын негизинде 1 млн 70 миң сомдук мектептин жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий