• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сокулук районунда коронавирус илдетин алдын алуу иштери улантылууда

Аймак 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. Сокулук районунда коронавирус илдетин алдын алуу иштери улантылууда, - деп билдирет Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн да милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте район жашоочуларына түшүндүрүү иштерин улантышты.

Андан сырткары, милиция кызматкерлери тарабынан мобилдик топтор түзүлүп, үн жогорулатуучу аппараттардын жардамдары менен жашоочуларды коомдук жайларга чыкканда беткап тагынып, антисептикалык каражаттарды колдонуп, учурдагы талаптарды так сактоого чакырышты.

"Кызматкерлер тарабынан соода-түйүндөрү, базарлар, коомдук тамактануучу жайлар жана техникалык тейлөө тармактарында текшерүүлөр жүргүзүлүп, талаптарды сактабаган коомдук жайларга эскертүүлөр берилүүдө. Ошол эле учурда коомдук жайларда беткапсыз жүргөн жарандар аныкталып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жугуштуу илдеттин жайылуусун алдын алуу максатында Чүй облусунун бардык аймактарында алдын алуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий