Бишкекте сот кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктады

Коом 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Бишкекте сот кызматкерлери үчүн салынып жаткан 81 батирлүү үйдүн курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган турак жай Бишкек шаарынын Юдахин көчөсү, №64 дарегинде жайгашкан. Турак үй 81 батирлүү, 9 кабаттан турат.

Курулуш иштери 2017-жылы бюджеттин эсебинен Мамкурулуш агенттиги тарабынан баштаган. 2019-2022-жылдар аралыгында каржыланбай, курулуш иши токтоп турган.

"2023-жылдан баштап каржылоо Мамлекеттик ипотекалык компаниянын эсебинен жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө турак жайдын курулушу аяктады. Жакынкы күндөрү пайдаланууга тапшыруу күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий