• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте жашыл экономика менен инвестиция боюнча форум өтөт

Коом 0

Бишкек, 09.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте 10-ноябрда “Бишкек инвестициялык форуму” жана 11-ноябрда “Жашыл экономика – 2022” форуму өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди.

Анын айтымында, форумга Грузия, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия жана бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышат.

“Жашыл экономика форуму негизги үч багытта өтөт: экологиялык транспорт, туруктуу туризм жана туруктуу жашыл каржылоо. Иш-чаранын максаты – өлкөлөр, ишкерлер ортосунда мамиле жана келишимдерди түзүү, ошондой эле тажрыйба алмашуу менен потенциалды жогорулатуу”, - дейт ал.

Сейитов мындан сырткары, “ГринЭкспо” көргөзмөсү өтөрүн кошумчалады.

ЖИА бизнес-ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошов форумдун алкагында экспо болуп, ага 1,5 миң ишкердин келиши күтүлүп жатканын кошумчалады.

“Инвестициялык форум 2015-жылдан бери өтүп келет. Ушул жылы инвестицияларды тартуу боюнча 200дөн ашык долбоор түшүп, анын 20сын тандадык. Алар эми инвесторлорду издей баштайт. Эртеңки иш-чарада коңшу өлкөлөрдүн жана биздин ишкерлер бир жерге чогулганы турат”, - деди Омошов.

Пикир

Оставить комментарий