• 87
  • 89.63
  • 0.85

Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу кайсы этапта?

Коом 0


Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Бишкек мэриясынан таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу кайсы этапта жүрүп жаткандыгы тууралуу айтып беришти.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө полигондун аймагында заводдун пайдубалын куюу иштери жүрүп жатат. Кытайдан курулуш иштерин жүргүзүү үчүн жумушчулар жана инженер-техник кызматкерлер тартылып жатат. Ошондой эле заводду курууда керектелүүчү жабдуулар жана тетиктер келе баштады. Учурда бул жерде 180ден ашуун жумушчу эмгектенет.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 29-мартында Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытайдын "Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест" ЖЧКнын ортосунда таштандыларды кайра иштетүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлган.

Долбоордун алкагында суткасына 3000 тоннага чейин таштанды чыгаруучу станция куруп, электр энергиясын өндүрүү пландалууда. Долбоорго тартылган инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 95 млн долларды түзөт.

Заводдун курулушун 2025-жылдын декабрында бүтүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий