• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Бишкекте “Тазалыктын” белгиси түшүрүлгөн жаңы таштанды челектер орнотулат

Коом 0

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Жакында Бишкектин Иса Ахунбаев көчөсүнүн Манас проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө “Тазалык” ишканасынын белгиси түшүрүлгөн жаңы таштанды челектер орнотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

"Биринчи этапта 40 урна жасалган. Алар 25-августта жогоруда айтылган көчөнү бойлой орнотулат. Келечекте жөнөкөй урналарды акырындык менен заманбап жана ыңгайлууларына алмаштыруу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Муниципалитеттен белгилешкендей, идеясы жана долбоору “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине таандык, урналар ишкананын базасында кызматкерлер тарабынан жасалууда.

"Ишкананын кызматкерлеринин аракетине аяр мамиле жасап, таштандыларды урналарга салууну суранабыз", - деп кошумчалашты мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий