• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Бишкекте туризмди өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 10.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйын КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун төрагалыгы астында өтүп, иш-чарага туристтик бизнес тармагынын жана башка кызыктар тараптардын өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүүгө байланыштуу негизги маселелер каралып, 2024- жылдагы жайкы туристтик сезонунун жыйынтыктары чыгарылып, келечектеги пландар жана келечекке карай перспективалар талкууланды. Ошондой эле, тышкы туризмди кеңейтүү жана бул багытта эл аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелери каралды.
Мындан тышкары, иш-чарада белгилүү коомдук ишмер Александра Толстойго туризм чөйрөсүндө элчи статусун ыйгаруу аземи болду. Анын эмгектери Кыргызстанды эл аралык деңгээлде туристтик багыт катары таанытууга чоң салым кошуп келет.


Жыйын Кыргызстандын туризмди өнүктүрүү боюнча кийинки кадамдарды талкуулоо менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий