• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мэр Жунушалиев «Тазалыктын» техникаларынын кышка даярдык иштери менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 06.11.23./Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Тазалык» муниципалдык ишканасынын техникаларынын кышка карата даярдык иштери менен таанышты.

Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, мэр ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, базалардын биринде техника, ошондой эле туз жана башка инерттүү материалдар сакталаган кампаларды көрүп чыкты.

Таанышуунун жыйынтыгы боюнча калаа башчысы кыш мезгилин штаттык режимде өткөрүү үчүн 2023-жылдын 15-ноябрына чейин бардык атайын техникаларды даярдоо тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий