Бишкекте УКМК кызматкерлеринин балдары үчүн 100 орундуу бала бакча ачылды

Коом 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунда 100 орунга эсептелген "Мекендин келечеги" бала бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКга караштуу бала бакчанын ачылыш аземине атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери жана аталган бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.

Камчыбек Ташиев өз куттуктоо сөзүндө өсүп келе жаткан муундун татыктуу келечегин жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу УКМКнын негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи.

Мындан тышкары, төрага атайын кызматтын кызматкерлеринин үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, алардын кызматтык жана күжүрмөн милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна өбөлгө болоорун кошумчалады.

Мындан улам, учурда республиканын бардык аймактарында УКМКга караштуу бала бакчалардын ачылышы күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий