• 87.45
  • 89.73
  • 0.86

Бишкекте уруксатсыз орнотулган 214 объект демонтаждалды

Коом 0

Бишкек, 14.01.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте уруксатсыз орнотулган 214 объект демонтаждалды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жарандардын кайрылууларынын негизинде Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Патрис Лулумба көчөсүндө рейд өткөрдү.

Рейдке Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын өкүлдөрү, шаардык муниципалдык инспекциянын адистери, «Тазалык» ишканасы жана МАБнын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү.

Алсак, рейддердин жүрүшүндө уруксатсыз орнотулган жарнамалар, белгиленген стандарттарга жана талаптарга жооп бербеген 147 баннер жана 67 мамычалар демонтаждалган.

Белгилей кетсек, бул чаралар шаардын инфраструктурасын жакшыртууга, жол коопсуздугун жогорулатууга жана жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган.

Пикир

Оставить комментарий