• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Апта: Он жылда 19 млрд доллар которгон эмгек мигранттары, Шаикова суракка чакырылды, Курман айт күнү белгилүү болду

Коом 0

Апта ичинде элдин назарын буруп, талкууланган жаңылыктар көп болду. Жума ичиндеги айрым урунттуу жаңылыктарды сунуштайбыз.

Токой чарба агенттигинин директору пара менен кармалды

Шейшемби, 30-июль күнү Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов менен анын жардамчысы А.И. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, алар ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, А.Р. жана А.И. чет элдик жарандан Ысык-Көл токой чарбасынын Ананьево айылындагы жер фондунан 5 га жер тилкесин берүүдө оң чечим чыгарып берүү үчүн пара талап кылган.

Кармалгандарды тинтүүдө алардын ар биринде пара катары алынган 1 миң доллар акча табылган.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси боюнча каттоого алынган.

Учурда соттун чечимине ылайык, ал экөө УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынган.

Инвестор болгон эмгек мигранттары

Белгилүү болгондой, чет жерде иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттар Кыргызстанга жыл сайын 1,5-2,5 млрд доллар акча которуп турушат. Аларды Кыргызстандын ири инвестору деп койсо да болот.

Маселен, акыркы он жылда эмгек мигранттары менен чет жердеги мекендештер өлкөбүзгө 19 млрд доллардан ашык каражат которушкан. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Ала-Арча" резиденциясында өткөн чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча Кеңештин биринчи жыйынында билдирди.

Анын айтымында, салыштырмалуу түрдө ошол эле он жылдык мезгилде жалпы өлкөбүздүн экспортунун көлөмү 18 млрд долларды түзгөн. Ал эми өлкөбүзгө келип түшкөн түз чет элдик инвестициялардын көлөмү болгону 8,3 млрд доллар болгон.

"Башкача айтканда, сыртта эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин кошкон салымы биздин экспорт жана түз инвестициялар тармагынан дагы жогору. Ар бир мигранттын акчалай которуулары курулуш, финансы, тигүү өндүрүшү, транспорт, байланыш, соода жана кызмат көрсөтүүлөр, айыл чарбасы ж.б. тармактардын өнүгүшүнө импульс болууда", - деди президент.

Президент белгилегендей, сыртта жүргөн мекендештерибизден жана эмгек мигранттарынан келген каражат жумуш орундарын түзүп, жакырчылыкты төмөндөтүүгө жардам берүүдө. Алардын балдарынын билим алуусуна, үй-бүлө мүчөлөрүнүн башка муктаждыктарына жумшалууда.

Жээнбеков билдиргендей, акыркы убакта мекендештерибиз аймактардын өнүгүүсүнө инвестиция салууда.

"Алар кичи мекениндеги социалдык жана экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышып баштады. Мектеп, бала бакча, көпүрөлөрдүн курулушуна көмөктөшүп, колунда жок адамдарга, жалгыз бой энелерге, жетим балдарга жардам берүүдө. Бул тажрыйба мындан ары да уланып, киндик кан тамган кичи мекениңерге жардам көрсөтө бересиңер деп ишенебиз. Бул тажрыйба региондорду өнүктүрүү боюнча иш-милдеттерди аткарууга чоң колдоо, көмөк болууда", - деди ал.

Алина Шаикова суракка чакырылды

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаикова суракка чакырылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, УКМКнын Башкы тергөө кызматы Мамлекеттик каттоо кызматы, "Инфоком" мамлекеттик ишканасы, Каржы министрлигинин алдындагы мамлекеттик сатып алуулар департаментинин кызмат адамдарына жана башка адамдарга карата жаңы үлгүдөгү паспортторду жасоо кызматын сатып алуудагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөдө. Ал иштин алкагында Каттоо кызматынын мурдагы башчысы Шаикова фигурант катары өтүүдө.

"УКМКнын Башкы тергөө кызматы тарабынан А. Шаиковага адвокаты аркылуу бир нече ирет суракка чакыруу жөнөтүлгөн", - деп билдиришти УКМКдан.

УКМКдан билдиришкендей, 5-августка чейин суракка келбеген учурда Кылмыш-процессуалдык кодекстин 239-беренесине ылайык А. Шаиковага издөө жарыяланат.

Курман айт

Быйыл Кыргызстанда Курман айт 11-августта белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Муфтияттан белгилешкендей, 2-август Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан кыргызстандыктар улуу Курман айт майрамын 11-августта белгилешет.

Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет. Бул майрамда мусулмандар кой, уй же төөнү союшуп, дасторкон даярдашып, бири-бирин коноктошот.

Жаңы үлгүдөгү техпаспорт колдонууга киргизилди

Жаңы үлгүдөгү транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк колдонууга киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Жаңы үлгүдөгү күбөлүк 26-июлдан тарта бериле баштаган.

"Жаңы үлгүдөгү күбөлүктүн колдонууга кириши менен мурда берилген күбөлүктөрдү милдеттүү түрдө алмаштыруу талабы коюлбайт", - деп билдиришти Каттоо кызматынан.

Жаңы үлгүдөгү күбөлүк 2019-жылдын 26-июлунан тартып катталган жана кайра катталган унаа каражаттарына берилет. Ал эми мурда берилген эски үлгүдөгү күбөлүктөр кийинки кайра каттоого чейин өзүнүн юридикалык күчүн жоготпойт.

"Ошол эле учурда 2019-жылдын 10-июнунан тартып убактылуу берилген транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктү алмаштыруу керек. Алмаштыруу учурунда 192 сом төлөнөт. Ал жаңы үлгүдөгү күбөлүктүн баасы. Жаңы үлгүдөгү унаа каражаттарын каттоо жөнүндөгү күбөлүк жакшыртылган дизайн, жыйырмадан ашык күчөтүлгөн коргоо элементтери менен киргизилип, сапатын жогорулатуу жана коргоо элементтерин күчөтүү менен бирге эле жаңы келишимдин негизинде күбөлүктүн баасы улуттук валюта менен бекитилип 192 сомду түздү. Бул мурдагыдан төрт эсе арзан", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий