• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Бишкекте “Жашыл экономика – 2024” регионалдык форуму өтөт

Коом 0

Бишкек, 15.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында Бишкекте “Жашыл экономика – 2024” регионалдык форуму өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Иш-чара Борбордук Азияда туруктуу өнүгүү жана экологиялык таза технологиялар боюнча маанилүү маселелерди талкуулоо жана ийгиликтүү тажрыйбаларды бөлүшүү үчүн маанилүү аянтча,-деп айтылат маалыматта.

Форум Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан UNDP, ОБСЕ жана GIZ эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулуп, ага бизнес өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Иш-чаранын алкагында пленардык сессиялар жана атайын талкуулар уюштурулат, анда катышуучулар аймактагы экологиялык туруктуулукка багытталган эл аралык демилгелерди жана долбоорлорду ортого салышып, жашыл энергетика, туруктуу туризм, таштандыларды башкаруу жана экологиялык таза курулуш темалары боюнча пикир алмашуу болот.

Ошондой эле, форумда Борбордук Азияда туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн “жашыл” каржылоо мүмкүнчүлүктөрү каралат.

Пикир

Оставить комментарий