Бишкекте жатаканада чет элдик жарандарды карактоого шектүүлөр камакка алынды

Коом 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын А.Огонбаев көчөсүндөгү жатаканада чет элдик жарандарды карактаган шектүү адамдар аныкталып, камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-майга караган түнү саат 02:00дө Восток-5 кичи районунда топ балдар чет элдик студенттерге кезигип, тамеки сурашып, эмне бул жерде тамеки чегип жатасыңар деп тийишкен. Уруп баштаганда чет элдик студенттер качып, өзүлөрү жашаган А.Огонбаев көчөсүндөгү жатаканага кирип кеткенге үлгүрүшкөн.

Чет элдик студенттердин артынан кубалап келген топ балдар жатаканага кирип, ал жакта жашаган чет элдик жарандарга күч колдонуп, акчаларын жана буюмдарын тартып алышкан.

Жатаканада жашаган чет элдик жарандар чогулуп, келгендерди каршылык көрсөтүп кетиргенге аракет кылып, ортодо мушташ чыккан.

Мушташ жатакананын короосунда болуп, келгендер бирөөсүн таштап качып кетишкен.

Аталган окуя боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБде КР Кылмыш-жаза кодексинин "Каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдү аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада каракчылык кылган адамдар такталып, 2006-жылы туулган М.Н., 2005-жылы туулган Ш.Т., 2005-жылы туулган Н.Б. аттуу жарандар кармалды.

Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий