• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте Жер ресурстары мамагенттигинин кызматкери пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. КР министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Э.К.А. аттуу кызматкери кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Э.К.А. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, О.Э.Ж. аттуу КР жаранынан камакка алынган жана кайра каттоодон баш тартылган турак жай комплекстеринин бириндеги эки унаа токтотуучу жайды кайра каттаткандыгы үчүн 3 миң АКШ долларын опузалап талап кылгандыгы аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2024-жылдын 5-июлунда Кадастр мекемесинин кызматкери Э.К.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий