• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкектин Лев Толстой көчөсү капиталдык оңдоодон кийин ачылды

Коом 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Бишкек шаарында капиталдык оңдоодон кийин Лев Толстой көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолду капиталдык оңдоонун алкагында ирригация системасы жана бордюрларды орнотуу, ошондой эле дренаж үчүн кошумча скважина орнотуу, көпүрөнүн астындагы түтүктөрдү тазалоо жана алмаштыруу иштери жүргүзүлүп, люктар туураланып, шагыл-мастикалык асфальтбетон төшөлдү.

Ишти "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы 2024-жылга карата титулдук тизменин негизинде жүргүздү.

Пикир

Оставить комментарий