• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бишкектеги мектептерде буллинг темасында лекциялар өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 21.01.25. /Кабар/. Бишкектеги мектептерде буллинг темасында лекциялар өтүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жана райондук прокуратура кызматкерлери, №40 орто мектептин администрациясы менен биргеликте 9, 10, 11-класстын окуучуларына алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Лекция "Мектеп буллинги" деген темада өткөрүлдү. Окуучулар буллингдин курмандыгы же күбөлөрү болсо, дароо мектеп администрациясына же жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлоруна кайрылуу керектиги эскертилди.

Маалымдама: Булллинг - адамга карата психологиялык же физикалык зомбулук. Бул түшүнүк адамга карата атайын түзүлгөн коркунучтарды жана терс мамилелерди сүрөттөйт. Коркунучтун түрлөрүнө ат коюу, коркутуу, шылдыңдоо, ушак айтуу, мүлккө зыян келтирүү, уурулук, мушташуу жана уруп-согуу кирет.

Пикир

Оставить комментарий