• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Жер титирөөгө туруктуу курулуш маминститутунун лабораториясы жаңыланат – Орунтаев

Коом 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун ишмердүүлүгү менен, ошондой эле аталган институттун лабороториясынын абалы менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, сапардын жүрүшүндө Нурдан Орунтаев лабороторияны жаңылоо боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлөрүн айтты.

Белгилей кетсек, Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунун базасындагы ВИМ-200 динамикалык машинасы имараттын жер титирөөгө туруктуулуктуулугуна сыноо өткөрүү үчүн колдонулат.

Ал эми Р-10 аталышындагы аппарат арматуралардын ийилишин жана чыңалуусун сыноочу машина. Ошондой эле адистер белгилешкендей, П-10 аталышындагы аппарат менен бетондун бекемдигине сыноо жүргүзсө болот.

Пикир

Оставить комментарий