• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Акматова: Соода борборлордо ар 1,5 саатта тазалоо иштери жүрүп турушу керек

Коом 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Соода борборлордо улам бир жарым саатта кайталанып тазалоо иштери жүрүп турушу керек, - деп баса белгиледи өкмөт үйүндөгү брифингдин жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү кошумчалагандай, дүкөнчүлөр колкап, беткап кийип соода кылыштары керек.

"Андан сырткары, маркеттердин, дүкөндөрдүн ичинде аба тазалоочу каражаттар болушу керек. Товарларды өндүрүү, ташуу жана сатуу, тейлөө зонасында бир адамга 5 чарчы метр жана кезекте кардарлар менен сатуучунун ортосунда 1,5 метрден кем эмес аралык камсыздалган шартта уруксат берилет", - деди ал коронавирус инфекциясынан коргонуу чаралары тууралуу айтып жатып.

Эске сала кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44 кишиге жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Мындан улам Бишкекте 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө болбойт. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий