Бишкектеги таштанды полигонунда түтүндү жок кылуу иштер жүрүүдө

Коом 0


Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Бишкекте абанын ысышынан улам шаардык таштанды таштоочу жайдагы тамак-аш калдыктарынан метан газынын бөлүнүп чыгуусу көбөйүп, өрттүн жана түтүндүн чыгышына алып келүүдө.

Түтүндү азайтуу максатында үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын директору Адил Назаров менен эстониялык Раан & Тулберг мекемесинин директору Яанус Пезттин ортосунда келишим түзүлгөн. Ага ылайык, бир экскаватор жана үч жүк ташуучу унаа полигондогу түтүндү жок кылуу үчүн таштандылардын үстүнө топурак төгүп чыгат.

Мындан тышкары, үч күндүн ичинде унаалар полигонго 150 жолу каттам жасайт.

"Бишкек санитардык полигону" ишканасы өз кезегинде өнөктөштөрүн күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылууга милдеттенди.

Пикир

Оставить комментарий