• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Бишкектеги веложол ноябрдын башында курулуп бүтөт

Коом 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Бишкектеги велосипед жолу ноябрдын башында курулуп бүтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, велосипедчен адамдардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Садырбаев (мурдагы Баха) көчөсүнөн Рысмендеев көчөсүнө чейин велосипед жолун курууну улантууда.

Велосипед жолунун жалпы узундугу 3,6 чакырымды, кеңдиги 1,5 метрди түзөт. Ал магистралдын эки параллелдүү тарабында курулат. Андан сырткары тротуарлар, эки көпүрө курулат. Бул иштерди ишке ашыруу үчүн 55 миллион сомдон ашык каражат сарптоо пландалууда.

Куруу иштерин ушул жылдын ноябрь айынын башында бүтүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий