• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Быйыл медиктердин эмгек акысы жогорулашы мүмкүндүгү айтылды

Коом 0

Бишкек, 22.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда медиктердин базистик айлык акысынын көлөмү 5 миң сомду түзөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, акыркы 10 жылда медкызматкерлердин айлыгы жогорулатылган эмес.

"Базистик эмгек акыны көтөрөлү деп жатабыз. Биз эмгек акыны көтөрүү боюнча 3 вариантты өкмөткө, Жогорку Кеңешке жана жаңы шайланган президент Садыр Жапаровго сунуштадык. 2020-жылы эл медиктер керек экенин жана ден соолук үчүн акчаны үнөмдөбөш керектигин түшүндү. 2021-жылы бул маселе чечилет деп ойлойм", - дейт Бейшеналиев.

Пикир

Оставить комментарий