Бишкектеги Ынтымак сейил багына дарак көчөттөрү отургузулду

Коом 0

Бишкек, 10.06.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Бишкектеги Ынтымак сейил багына 50 түп дарак көчөтү отургузулду.

Иш-чара Айлана-чөйрөнү коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Сауд Аравия Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим Ради Аль-Радинин көмөгү астында уюштурулду.

Саамалыкка Сауд Аравия элчиси, Пакистан, Иран, Түркмөнстан элчиликтеринин өкүлдөрү, Жогорку Кенештин депуттары Нуржигит Кадырбеков, Таалайбек Масабиров, ошондой эле Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева катышты.

Белгилей кетсек, иш-чаранын максаты - айлана-чөйрөнү сактоо жана коргоо маселелерине көңүл буруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий