• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Бишкектен Москвага туруктуу авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт

Коом 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Бишкектен Москвага туруктуу авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1-февралдан тарта "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы Бишкек-Москва-Бишкек багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачууну пландаштырууда.

"Манас" аэропортунан Россиянын "Внуково" аэропортуна учуулар жумасына 2 жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарыла башташы күтүлүүдө.

"Москва шаары "Аэро Номад Эйрлайнс" ата мекендик авиакомпаниясы үчүн жаңы багыт болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, учурда Россиянын борборуна Avia Trafic Company, "Аэрофлот" жана "Уральские Авиалинии" авиакомпаниялары каттамдарды аткарып келет. Азырынча каттамдардын саны 38ди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий