• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Бишкектеги жаңы автобекеттин курулушу май айынын аягына чейин бүткөрүлөт – мэрдин орун басары

Коом 0

Бишкек, 13.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Бишкек шаарынын четинде курулуп жаткан 4 миң унаага ылайыктаган унаа токтотуучу жайы бар автобекет май айынын аягына чейин курулуп бүтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча орун басары Жамалбек Ырсалиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, “Манас”аэропортуна бараткан жолдо аталган жаңы автобекет менен бирге жаңы Ош базары да курулууда.

“Бишкек шаарында автобекеттерди шаардын сыртына чыгаруу боюнча өткөн жылдан тарта иштер жүрүүдө. Жаңы салынып жаткан автобекет кенен, долбоору абдан жакшы. Бирок, учурда автобекетти шаардан шашылыш чыгарып салышты деп айтышууда. Айтылып жаткан сөздүн чындыгы бар, учурда жаңы автобекеттин курулушун тездетүү максатында иштерди жүргүзүүдөбүз”, - деди Жамалбек Ырсалиев.

Ал эми учурда убактылуу иштеп жаткан автобекетте жарандар үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн Бишкек мэриясынын өкүлү кошумчалады.

“Негизинен бардык каттамдар Алма-Ата көчөсү 1/1 дарегинде жайгашкан автобекетке барышмак, бирок ал жерден түштүк региондорго жана Таласка каттам жүргүзүү ыңгайсыз болгондуктан убактылуу автобекет түзүлдү. Мисалы шаардын тыгынынан жарандар аталган бекетке 1-1,5 саатта жетип калышат экен. Ошондуктан элге ыңгайлуу болуусу үчүн “Ак-Кула” ипподромунда убактылуу автобекет уюштурулду. Чындыгында бул жерде башында шарт жок болгон, бирок азыр бардык шарттар түзүлдү. Биринчи орунда тамактануучу жайлар, ажаткана, дүкөн, унаалар үчүн май алмаштыруучу, дөңгөлөк чаптоочу жайлардын бардыгы уюштурулду”, - дейт Ырсалиев.

Ошондой эле убактылуу автобекетте автобустар үчүн касса коюлуп, нарколог, МАИ кызматкерлери жана башка тиешелүү кызматтар иш алып барып жатканы маалымдалды.

Пикир

Оставить комментарий